SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мотивацияны кайдан аласыз?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Мотивация - максатка жеткирет. Баарыбыздын алдыга койгон максаттарыбыз, пландарыбыз бар. Кээ бир адамдар китептен мотивация алса, айрымдары жакшы сөз, мактоо менен алдыга жыла алат. Ийгиликке жетүүдө, бир ишти баштоодо энергияны, мотивацияны кайдан аласыз же ким берет?" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Мен иштеген ишимден мотивация алам. Ушунчалык байланып каласың, күн сайын жаңы ийгиликке жетесиң".
- "Мотивацияны мурун ийгиликтүү адамдардын өмүр баянынан алчумун. Андан тышкары алдыга койгон максаттарыма кичине жетип калсам да энергия алам. Азыр болсо эч нерсеге мотивация жок, ошого оңоюраак максаттарды коюп баштадым. Бүгүн, мисалы, көптөгөн максаттарды коюп, өздүк анализ үчүн күндөлүк алдым, бирок ал жардам береби же бербейби билбейм..."
- "Интернеттен, кинолордон, атактуулардын маектеринен мотивация алам".
- "Гүлзат Мамытбектен. Мухаммед Али, Майк Тайсон дагы көп ушундай улуу адамдар катышкан документалдык тасмаларын көргөндө алам. Анан келечекти ойлосом эле күчкө толуп, тырышып иштеп калам".
- "Энергиялуу досторумдан. Сүйлөшкөндө өздөрүнүн жетишкендиктерин айтып беришет "тиги өлкөгө көчүп кетип жатабыз, бизнес баштадым, компания ачтым, үй алдым" деген ийгиликтерин угуп, ошолор менен сүйлөшүп, алардын айтканын өзүм жасагандай сүйүнүп алам, анан дивандан туруп, артта калган турбаймынбы деп аракет кыла баштайм. Психологиялык дем берүүчү китептерден дагы алам, дайыма эмес, кээде ошондой китептерди аябай окугум келип калат".
- "Мотивацияны кайсы бир жактан же бирөөдөн алам деп айта албайм. Жашоонун, тирүүлүктүн өзү бир чоң мотивация эмеспи".
- "Кандай сунуштар бар? Кошумча багытка сүзгүм келип жүрөм, ошол жакка түрткөн жакшы мотивация азыр мага керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.