Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди.
Мындан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?" деген соболуна экс-депутат Феликс Кулов жооп берди.
Кулов кадр тандоодо программага басым жасаш керек деген пикирде.
"Учурда бизде ачык айтканда кадр маселеси, кадр көйгөйү бар. Акыйкатчы боюнча айта турган болсом, Токон Мамытов Аскер акыйкатчысы болсо туура болмок, өзү генерал, аскердик чөйрөдө аброю бар. Ал эми жарандык акыйкатчы болгондо генерал, мурдагы УКМКнын башчысы Акыйкатчы институтуна келгени туура эмес болуп калат, коом да ушуну белгилеп жатат. Акыйкатчы болууга таланттуу, кесипкөй балдар бар да.
Соттор алмашып жатат, шаардык кеңешке да жаш бала келди. Булар эми иши менен далилдеш керек. Бизде негизинен программанын атаандаштыгы болушу керек эле. Мисалы, азыркы өкмөттүн деле жалпы программасын өкмөт башчы айтып өттү, ар бир министрдин кандай программасы бар экени белгисиз болууда. Дагы баса белгилеп кетейин, бизде программанын атаандаштыгы болуп, программа иштеш керек", - деди Кулов.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева, "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Марат Казакбаев, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.