Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди.
Мындан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?" деген соболуна "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов өз пикирин билдирди.
Молдокматовдун пикиринде, бүгүнкү күндө фракциялардын кызмат бөлүштүрүп алуусу ушундай баш аламандыкты жаратты.
"Бийлик сунуштаган кадрлар дегенде биз бийликти бөлүп карашыбыз керек. Баарыбызга маалым болгондой, учурда парламентте 6 фракция отурат, бул 6 фракция ар тармактагы кызмат орундарды бөлүп алган. Бүгүнкү күндө толугу менен жоопкерчилик парламентте. Анткени парламентке келген фракцияларга “карыздан” кутулуу үчүн кызматтарды берип жаткандагысы. Ошонун жыйынтыгында бүгүн кадрдык баш аламандык жаралды. Жөнөкөй тил менен айтканда, мисалы, Айыл чарба министрлигине ал тармактан такыр кабары жок адамды алып келип койсо деле биз таң калбашыбыз керек. Себеби мен жогоруда белгилеген парламенттик фракциялардын орундарды бөлүп алуусунун кесепети. Биз өкмөт башчыны парламент беките турган болсо, анда премьер-министрге толук укук берип, министрлер кабинетин, агенттик жетекчилерин өзү дайындасын, өзү жооптуу болсун деп башынан бери айтып келе жатабыз.Акыркы кадрларды кеп кылуунун кажети жок. Мына азыр жетекчилик кызматта иштеген адамдардын терс окуялары чыгып жатат, бул көйгөй, трагедия. Муну ошол кадрдык баш аламандыктын натыйжасы деп айтсак болот. Мамлекеттик кызматка кызмат бөлүп алуунун, тааныш-билиштин аркасы менен эмес, сынактык негизде татыктуулар тандалып келсе болмок. Бизде канчалаган татыктуу кадрлар бар. Бүгүнкү коомдо талкуу болуп жаткан мамлекеттик кызматкердин терс окуясы эртең да кайталанбайт деген кепилдик жок, себеби бүгүн кадрдык маселе баш аламан абалда", - деди Молдокматов.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Феликс Кулов, Асия Сасыкбаева, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Марат Казакбаев, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.