Нарын. Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры 5-республикалык театралдык фестивалдын жеңүүчүсү болду

Нарын шаарында 1-4-июль күндөрү болуп өткөн белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган 5-театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды. Калыстар тобу байгелүү орундардан сырткары бир нече жеке номинациялар менен да театр артисттерин сыйлашты. 

Баш байгени Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры жеңип алып, 25 000 сом ыйгарылды. 1-орунду Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, 2-орунду Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театры ээледи. Ал эми 3-орунга Бабур атындагы Ош облустук өзбек музыкалык драма театры жана Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры татыктуу болду. Сыйлыктар жөнүндө айтсак,

“Аялдардын эң мыкты образы” номинациясын Кочкор музыкалык драма театрынын актрисасы Жыпар Азим кызы, “Эркектердин эң мыкты образы” номинациясын Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад музыкалык драма театрынын актёру Улан Жапаралиев, “Эң мыкты дебют” наамын Чүй облустук драма театрынын актёру Бакытбек Нурмамат уулу, “Экинчи пландагы аялдар образын мыкты жараткан” жана “Таттыбүбү Турсунбаева” атындагы эл аралык сыйлыкты жана төш белгини Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисти Гүлмира Нургазиева багынтты. Ал Т.Турсунбаева атындагы фонддун атынан 10 000 сом менен сыйланды. Ушундай эле наамга жана сыйлыкка татыган дагы бир актриса Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актрисасы Айнура Качкынбай кызы болду. “Көп кырдуу талант” наамын Ош улуттук кыргыз драма театрынын актрисасы Самара Каримова, “Эң мыкты роль” наамын Баткен облустук драма театрынын актрисасы Гүлүмкан Садирова, “Эң мыкты классикалык театр” наамын “Туңгуч” жаштар театры, “Экинчи пландагы эркектин эң мыкты образы” наамын К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык театрынын актёру Нурлан Эржанов алды. “Эркектин эң мыкты ролу” наамын Ош улуттук кыргыз драма театрынын актёру Ташбек Кудайбердиев, “Эл аралык Муратбек Рыскулов” атындагы сыйлыкты Т.Ажибаев атындагы Алай райондук музыкалык драма театрынын актёру Чынарбек Осмонов жеңип алды. 

Мындан башка “Сахнанын эң мыкты жасалгалоосу” наамын Нарын музыкалык академиялык драма театры, “Эң мыкты режиссёрдук иш” наамын “Учур” жаштар театрынын режиссёру Барду Абдразаков, Сынчылар жамаатынын сыйлыгын Жумгал райондук музыкалык драма театры, СССРдин Эл артисттери Койсун Карасартова менен Сейитказы Андабековдун уул-кыздарынын атайын байгесин Баткен облустук драма театрынын “Кош жылдыз” дуэти багынтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан