Жарандык активист Мавлян Аскарбеков: "Жаңы кадамдар ташталбай эле КСДП баягы эски нук менен кетип жаткандай"
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталынын "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?" деген соболуна жарандык активист Мавлян Аскарбеков жооп берди.
Ал бийлик акыйкатчы кызматына коомчулуктун кыжырын кайнаткан талапкерди алып чыкканын белгиледи.
"КСДП бүгүн мурдагыдай эле түркүн кызматтарга өздөрүнүн адамдарын алып келүү аракетин көрүп жатат. Мисал катары, акыйкатчылык кызматына сунуштаган талапкерин айтса болот. Бүгүн жаңы бийлик, жаңы адамдар, жаңы кадамдар ташталбай эле КСДП баягы эле эски нук менен кетип жаткандай. Акыйкатчы кызматына коомчулуктун кыжырын кайнаткан талапкерди алып чыгышты. КСДПнын ичиндеги айрым депутаттар КСДПнын туура эмес жүргүзгөн кадр саясатына каршы чыгып, өз позицияларын так айтып жатышканы кубандырат", - деди Аскарбеков.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Феликс Кулов, Асия Сасыкбаева, "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.