Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Азыркы учурда кызматка тил алчаак, унчукпаган адамдар келип жатат"

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди.

Мындан улам SUPER.KG порталынын "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.

Ал кызматка барган жерин оңдогонго аракет кылбаган адамдар келүүдө деген пикирин билдирди.

"Жогорку кызматтарга клептократтар келип отуруп алышты. Клептократтар - бийликке келип бизнес жасап байыгандар. Элдин акчасына, элдин, өлкөнүн ресурсунан байыганды каалагандар кызматка келип жатышат. Учурда кызматка келгендердин көбү тил алчаактар, унчукпагандар. Аларды биз көрүп жатпайбызбы. Алар коррупциялык иштер болуп жатса көз жумуп, үн катышпайт", - деди Ошурахунова.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Феликс Кулов, Асия Сасыкбаева, "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, саясат таануучу Марат Казакбаев, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан