ТИМ: "Август айында дипломатиялык паспортторду колдонуу эрежелери бузулгандыгы аныкталган"

Август айында дипломатиялык паспортторду колдонуу эрежелери бузулгандыгы аныкталып, тиешелүү кызматкерлер административдик жоопко тартылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Өлкөнүн медиа тармактарында дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун берилиши жана колдонулушу боюнча маалыматтар улам кайталанып жарыяланып жаткандыктан, министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган паспорттор Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттор тууралуу өкмөттүн 2011-жылдын 12-июлундагы жобосуна ылайык даярдалып, мамлекеттик кызматкерлер үчүн кызматтык колдонуу үчүн гана берилет. Паспортторду колдонуу жана сактоо жоопкерчилигин аталган паспортту алууда ортого түшкөн мамлекеттик орган моюнуна алат.

Тышкы иштер министрлиги жыл сайын дипломатиялык жана кызматтык паспортторду кайра каттоо процедураларын өткөрүп турат. Ошондой эле Башкы прокуратура менен биргеликте жогоруда айтылган жобонун сакталышы текшерилип турат. 2018-жылдын август айында жүргүзүлгөн текшерүүдө Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде аталган паспортторду колдонуу эрежелери бузулгандыгы аныкталып, тиешелүү кызматкерлер административдик жоопкерчиликке тартылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
iasin
2018-09-26 20:17:05
Элчи туура эле айткан экен да... Аны жумуштан алабыз дегенинер окшошпой калды жумагул аке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан