Каржы министри: "Министрликтердин бюджетин 14 миллиард сомго кыскартуу пландалууда"

"Министрликтердин бюджетин келерки жылга карап, 14 миллиард сомго кыскартууга мажбур болуп жатабыз", - деп бүгүн, 26-сентябрдагы өкмөттүн отурумунда каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, кыскартуу мамлекеттик мекемелердеги чыгымдарды азайтуу үчүн жасалып жатат.

"Биз 2019-жылдын бюджетин карап, министрликтердин бюджетин кыскартууга мажбур болуп жатабыз. Алар энергетика, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, суу менен камсыз кылуу жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү тармактарында кыскартылат", - деди Касымалиев.

Ошондой эле ал 2018-жылдын бюджетин карап жатканда министрликтер менен сүйлөшүп, 4 миллиард сом кыскартылганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sahka
2018-09-26 20:16:18
Кыскартпай эле,акчаны жебей койушса бюджетте дефицит болбойт ко.
+1
Ibrahim1122
2018-09-26 21:38:26
Ушуну 2010-жылдан баштап жасаганынарда 112млрд сом эконом болмок эле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан