Кышка карата жалпы республика боюнча 2 миллион 329 миң тонна көмүр даярдалуусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн отурумунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.
Ал кышка көмүр камдоо иштери графиктин негизинде жүрүп жаткандыгын ырастады.
“Өкмөттүн тапшырмасы боюнча жалпы керектелүүчү көмүрдүн ичинен бюджеттик мекемелерге 246 миң тонна, калк үчүн 1 миллион 83 миң тонна көмүр даярдалуусу керек.
Бишкек ЖЭБи үчүн жалпы 1 миллион тонна көмүр сарпталат. Анын 600 миң тоннасы жергиликтүү көмүр.
2018-жылдын 17-сентябрына карата калк үчүн 333,72 миң тонна көмүр камдалды. Республиканын бардык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кышка көмүр камдоону тездетүү тапшырмалары берилген", - деди ал.
Мындан сырткары Осмонбетов 2018-жылдын 24-сентябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,3 миллиард куб метрди түзгөнүн кошумчалады.