Воропаев: "Бишкек ЖЭБи шаардыктарды жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоого даяр"

Бишкек ЖЭБинде оңдоо иштери бүтө элек болсо да, шаардыктарды жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоого даяр. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн отурумунда Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев билдирди.

Ал жылуулук борборунда азыркы тапта да оңдоо иштери кызуу жүргүзүлүп жатканын айтып, жакынкы күндөрү аяктайт деп ишендирди.

“Учурда турбиналык цехтин оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды. Ал эми жылыткыч мештери турган цехтин оңдоо иштеринин 20 пайызы гана аткарылды. Буга ишти аткарууда керектүү материалдардын көпкө чейин табылбай жатканы себеп болгон. Бүгүнкү күндө керектүү материалдардын баары даяр. Учурда оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Ноябрь айынын ортосуна чейин Бишкек ЖЭБи кышка толук даяр болот”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidar.001
2018-09-26 21:40:38
Фамилиясы шектуу го
0
gaibilla
2018-09-26 22:40:37
Aidar.001, шектуу болсода кыргызча так суйлосо жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан