"Биздин канча мамлекет менен 60 күн каттоосуз жүрүү келишимибиз бар" деп депутат Талант Мамытов парламент жыйынында өкмөт мүчөсүнөн сурады.
Өкмөт мүчөсүнүн айтымында, ондогон өлкөлөр менен мындай келишимге кол коюлган. "Аларга Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Орусия, Иран, Малайзия жана башка өлкөлөр кирет. Өзбекстанда Кыргыз жарандары 3 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Ал эми Өзбек жарандары 5 күнгө чейин жүрүүгө укуктуу", - деп айтты өкмөт мүчөсү.
Мамытов кошуна өлкөлөр менен мамилени жакшыртуу керектигин айтып, Тажикстанга да аталган тартипти киргизүүнү колдой турганын билдирди.