Токон Мамытов акыйкатчы кызматына расмий киришти. Ал бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди.
Төрага Дастанбек Жумабеков кечээ, 26-сентябрда парламент акыйкатчыны шайлаганын айтып, анын ант берүү иш-чарасын күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
"Мыйзамга ылайык, акыйкатчы парламентте ант бергенден кийин гана кызматына киришет экен. Ошондуктан Токон Мамытов бүгүн ант берип койсо. Ушуну күн тартибине киргизүү үчүн добуш берип койсоңуздар", - деди төрага. Жыйынтыгында демилге колдоо таап, Мамытов ант берди.
26-сентябрда болгон акыйкатчыны шайлоодо Токон Мамытовду депутаттардын 79у колдоду. Ал эми Рита Карасартовага 9 эл өкүлү, Канатбек Азизге 19 депутат добуш берди. Рыскул Бактыбаев 6 добушка ээ болду.