Эльвира Сурабалдиева Бакиевдер тууралуу: "Мен атамды жоготконмун. Бул канкорлордон жабыркаганбыз. Эмнеге артка кайтарбай жатасыңар?"

"Бакиевдерди артка кайтаруу үчүн саясий эрк керек. Бул боюнча президенттин көз карашы барбы? 8 жыл болду, артка кайтаруу келишими эмне үчүн дагы деле ишке ашпай турат?" - деп башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон депутат Эльвира Сурабалдиева сурады.

Ал "Эмне үчүн Юстиция министрлиги расмий кайтаруу жолдору менен иштебей жатат" деп сурады.

Жамшитов: "Эрк бар. Улуу Британия тараптан биздин кайрылууларыбыз четке кагылган. АКШ менен келишимдерибиз түзүлгөн эмес".

"Ушинтип эле кача беришеби? Биз жардам берели. Биз Улуу Британияга баралы. АКШга баралы. Төрага, сиз жакында Улуу Британияга барасыз. Сиз ушул маселени көтөрүңүз. Мен атамды жоготком. Биз бул канкорлордон жабыркаганбыз. Британия тарап "документтер бар, өкмөтүңөр аракет кылбай жатат" деп айтышкан. Булар канча кишилерди атып кетишти. Канча миллиондорду чыгарып кетишти. Мен эле жабыркаган эмесмин. Улуу Британия менен сүйлөшсөм, "адистериңер жок" экен деди. Биз да аракет кылалы да. Сураныч силерден. Мени туура түшүнгүлө", - деди Сурабалдиева.

Эльвира Сурабалдиеванын атасы Жыргалбек Сурабалдиев 1953-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу болгон. "Даңк" медалынын ээси. Жогорку Кеңештин депутаты болгонго чейин ишкерлик менен алектенген. Ал 2005-жылы 10-июнда Бишкектин борбордук бөлүгүндө атылып өлтүрүлгөн. Депутатка ошол күнү саат 13:00 чамасында Орус драма театрынын жанында Мерседес унаасында бара жаткан адамдар ок чыгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zevs
2018-09-27 15:38:19
Atanyn artynan kalgan baylykka uwunday chon kyzmatka kelip jurosungo.kudaydin buyruguda mamlekettin kuchu jetpeyt dep achyk aytyp jatatko sen bolso akchana chirenip biz jardam berebiz dep jatasyb
+4
bond02
2018-09-27 15:48:21
Озун да абайла, атаны ким эмне учун олтургонун жакшы билсен керек.
-2
Дарыгер
2018-09-27 17:28:31
Далили бар бекен. Бакиев ОЗУ барып атканына
-2
Aikaaaa
2018-09-27 20:07:24
Бакиевдин убагында канчалаган кыргыздын көзгө басар эр жигиттери өлтүрүлдү
+1
s81
2018-09-28 00:11:15
Бакиев өлтүрдү жамгыр жааса да Бакиев жаадырды эми бирок ойлонуп көр ким атты аткан адам ал эмес ошол кезде бийликке умтулгандар аткан
+1
Kg-kg-kg17
2018-09-28 01:07:52
Окмоттун жок аброю кетип аталасы чыгып эчнерсеси калбады.Элдин кыжыры келе баштаса эле кайрале жомокту которуп чыгасынар.Минскти биякка койгула , алдынарда турган 5 талапкердин ичинен татыктуусун корбойсунорбу.ЖК отуруп элдин койгойун чече турган тема которо алабы озу бул окмот?
-1
Janym_ata_enem
2018-09-28 01:41:07
Сенин атанды ошол мезгилдеги убактылуу окмот аткан. Бул 6ерсени озунда жакшы билсен керек.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан