Баш прокурор: "Беларусь өлкөсү Курманбек Бакиевди бербей жатат"

Курманбек Бакиев"Евгений Гуревич менен сүйлөшүп, акчаларды артка кайтарсаңар болбойбу" деп депутат Эмил Токтошев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон парламент жыйынында сурады.

Жамшитов Гуревич маалымат берүү үчүн ага коюлган күнөөлөрдү алып салууну талап кылган.

"Күнөөлүү адамды актап жибере албайбыз. Бирок Гуревич бизге маалыматтарды берүү үчүн айыптарды алып салуу талабын коюп жатат", - деди ал.

Депутат Токтошев Беларусь өлкөсү менен мурунку президент Курманбек Бакиевди артка кайтаруу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

"Беларусь мамлекети менен кызматташуу боюнча келишимдерибиз бар. Бирок алар бизге аны бербей жатат. Саясий куугунтук бар деп эле баш тартып коюшат экен. Алардын мыйзамында ушундай жазылыптыр", - деди башкы прокурор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nur...nur.
2018-09-27 16:07:41
Жомок кантип Бакиевти уч уктасанарда крге алып келе албайсынар
+2
Natun
2018-09-27 16:14:05
Атамбаев кыйын экен алты жылда алып келсе болбойт беле
+3
Rystambekkg
2018-09-27 16:14:16
Бакиевден.Айлангыла мыкты Президент
Болуп иштеген
+15
jugorsk
2018-09-27 16:19:58
Бакиевти койуп бул жагын эптеп алгылачы музейден бери жеп жиберишиптирго 6жылда.
+6
Eldar6724
2018-09-27 17:17:20
Ошону айсан, эптеп элди алакысытып атышкансыйт го булар, тез арада аягына чыкыла баштаганынарды анан мага десе Акаевти алып келгиле, анан дагы Атамбаев таштаган го дейм кичине акчадан, кол тийбестигин алып соттойбуз деп жаттынар эле пыссып калыпсынар. Бул кылыгынарды эл кандай баалайт болду экен, super.kg ошол маселе боюнча депутаттардан сурап корунуздорчу эмне болуп жатты экен (Масалиевтен суроону унутпаныздар инициатору ошол беле)
-1
titanik32
2018-09-27 17:19:56
Бакиевден айланып садага кеткирлер,Бакиев кылган иштин бирин да кылбадыңар го.Бакиевди коюп ТЭЦ,Дачасу,ЛЭП,Түндүк түштүк жолу,тарых музей ушул Кыргызстанда болуп жаткан ызы чуу иштерди бир жаңсыл аягына чгшып алгылачы.Каяктагы колуңардан келбеген ишти айтып,убакытты созбой.АШАны эмнеге сурабайсыңар толуп жаткан коррупциялык иштердин атасы болуп жатат го
+1
titanik32
2018-09-27 17:22:20
Курманбек же Максим Бакиевдерди алып келе албайсыңар гарантия берем.
-3
bond02
2018-09-27 17:41:55
Кайсы жанынан тойгон адам барат азыр Бакиевдин жанына? Максим деген неме турат, Бакиевди алып келуу деген асмандагы айды алып тушом деген эле кеп да.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан