"АКШга Евгений Гуревич менен жолугууга планы жок эле барып келдиңер" деди депутат Зарылбек Рысалиев парламент жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилерине.
Анын айтымында, аталган сапар башкы прокурор айрым маалыматтарды туура эмес берген.
"Гуревичке жолуккан тергөөчүгө суроо түзүп берип койдуңар беле? Силер бизнесмендер отурат деп эле ар маалыматты айтып жатасыңар. Арабызда ушул системде иштеген кишилер бар. Абайлап сүйлөсөңөр. Тергөөчү Мелис Мырзакановдун аталган сапары боюнча протоколду окуп бериңизчи. Эмнеге барып келдиңиздер? Эч кандай документ жок эле АКШга барып келгенсиңер. Бул шалаакылык", - деди Рысалиев.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аталган сапар боюнча протокол түзүлгөн эместигин айтты. "Мен мыйзам чегинде түшүндүрүп берип жатам. Тергөөчү ойноп барган жок да. Ал дагы ушул иштин негизинде барып келди", - деди ал.
Бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кеңеш Бакиевдердин жакын адамы болгон Евгений Гуревичтин билдирүүсү боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын укту. Гуревич буга чейин "Бакиевдер Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар каражат чыгарып кеткен" деп маек берген.