"Башкы прокуратура керектүү маалыматтын үстүнөн териштирбестен башка жакты эле карап отурасыңар" деп депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында сындады.
Ал Максим Бакиев менен анын жакындары өлкөдөн чыгарып кеткен 6 миллион долларды кайтарып алууга жетиштүү аракет көрүлбөй жатканын айтты.
"6 миллион доллар артка кайтарыла турган болсо 33 пайызын жардам берген "Akin Gump" компаниясы алат да э? Ушул келишимди негиздүү деп ойлойсузбу? Тигилерге үчтөн бирин берип коюп жатпайбызбы. Мындай келишим болбойт да. "Каралардын" "ставкасы" деле мындан аз болот. Аларга берсек 10 пайыз менен эле өндүрмөкпүз да", - деди Момбеков.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул ыкма дүйнөлүк практикада бар экенин айтты. "Мен алардын (каралардын - ред.) "ставкасын" билбейм. Бирок бизге эң ыңгайлуу вариант ушул. Дүйнө жүзүндө ушул сыяктуу юридикалык компаниялардын кызматынан пайдаланылат экен", - деди Жамшитов.
"Каралардын" "ставкасын" сиз билбесеңиз, Кашкар Жунушалиев (ички иштер министри - ред.) жакшы билсе керек. Убагында Либерман деген чыккан. 2005-жылдагы Акаевдин үй-бүлөсү чыгарып кеткен каражаттарды табабыз деп ага 500 миллион сомду карматтык эле. Кийин анын өзүн таппай калганбыз. Бул деле ушундай да", - деди Момбеков.
Бүгүн, 27-сентябрда парламент Бакиевдердин өлкөдөн чыгарып кеткен каражаттары тууралуу укук коргоо органдарынын маалымат укту.