Жогорку Кеңештин 27-сентябрдагы жыйынында Евгений Гуревичтин маселеси боюнча башкы прокурордун маалыматы угулгандан кийин депутаттар залдан чыгып кетишти. Учурда жыйында 19 депутат отурат. Ар бир фракциядан 3-4 эл өкүлү бар.
Депутаттар жыйындан кетип калган учурда күн тартибинде 3 маселе калган болчу. Кворум жок экендигине карабастан парламенттин жыйыны уланууда.