Баткенде жергиликтүүлөр "алтын кенинде мыйзамсыз чалгындоо иштерин жүргүзүүдө" деп кытай жарандарын милиция келгенче контейнерге камашкан

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Майдан айылында жергиликтүү тургундар менен аталган аймакка барган кытай улутундагы жарандардын ортосунда түшүнбөстүктөр орун алды. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, түшүнбөстүк жагдайлар кытай улутундагы адамдар Майдан айылындагы Шамбесай алтын кенинде мыйзамсыз чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат деген жүйө менен башталган. Жергиликтүү тургундар чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан адамдарды кармап, милиция келгенге чейин контейнерге камап коюшкан.

"Шамбесай алтын кенин иштеткен мурунку инвесторлор кеткен. Азыркы тапта ал жакта эч кандай чалгындоо жана кен казуу иштери жүргүзүлбөйт. Бирок Чаткалда кен казып иштеп жаткан компаниялардын биринин кызматкерлери эч кандай тиешелүү документтери жок эле аталган жерде чалгындоо иштерин жүргүзүп баштаган. Буга күбө болгон жергиликтүү тургундар кытай жарандарын контейнерге камап коюшкан", - дейт басма сөз катчы.

Пикир келишпестик орун алган мезгилде эч ким жабыр тарткан эмес. Азыркы тапта Кадамжай РИИБи тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, окуянын чоо-жайы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurdinur
2018-09-27 18:42:23
Баткендиктер кыйын
+15
Snejana
2018-09-27 18:42:54
Оо Баткенчилер азаматсынар!
+14
TalaCSKA
2018-09-27 18:54:49
Орусча айтканда грамотно калышыптыр.Азаматсынар Баткендин патриоттору силерге Данк !!!
+16
Artyr1994
2018-09-27 20:39:55
Ушул Кытайлар ХХХХХХХ
+6
ABAkg86
2018-09-28 10:59:30
Молодец майдандыктар!!! Ачтырбагыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан