Депутат Наталья Никитенко "регламентти буздуңуз" деп төраганы сынга алды

Депутат Наталья Никитенко төрага Дастанбек Жумабековго: "Евгений Гуревич маселеси боюнча тармактык комитеттин төрайымы катары мен суроо-жооптун аягында сөз сүйлөшүм керек эле", - деди.

Ал бул кадамы менен төрага регламентти бузганын айтып, эскертүү берди.

“Бул маселе боюнча атайын тапшырмалар берилиши керек эле. Бүгүнкү жыйындагы маалыматтар Бакиевдер алып чыгып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча уюштуруу иштеринин деңгээли төмөн экенин көрсөттү. Биз тараптан көзөмөлдөө жана колдоо керек экендиги байкалды. Аталган маселени тынымсыз көзөмөлгө алууга жана өкмөттүн тийиштүү тармактарына ишти жандандыруу боюнча протоколдук тапшырмалар берилсин деп сунуштайт элем”, - деди Никитенко.

Төрага Никитенконун сөзгө жазылганын байкабай калганын айтып, кечирим сурады жана протоколдук тапшырма берилгенин кошумчалады.

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңеш Бакиевдердин жакын адамы болгон Евгений Гуревичтин билдирүүсү боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын укту. Гуревич буга чейин "Бакиевдер Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар каражат чыгарып кеткен" деп маек берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан