Нарын облусунун Жумгал районунда "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдогон жыйын өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Тариэль Болотбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга Жумгал районунун 13 айыл өкмөтүнөн келген делегаттар катышып, "КСДП Атамбаевсиз" ураанынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов сунуштаган резолюцияны бир добуштан колдоого алышкан.
Резолюция бир нече пункттардан турат, алардын негизгиси: Республиканын бардык аймактарында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында партиялык райондук, облустук кезексиз жыйындарды өткөрүү, партиянын саясий кеңешиндеги жана партиянын татыксыз мүчөлөрүнөн арылуу. Ушундай эле жыйын эртең Нарын шаарында өтөрү кошумчаланат билдирүүдө.
Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Кочкор, Москва, Панфилов, Сокулук жана Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн.
Ал эми КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов КСДПнын тизмесинде жок экенин, өтүп жаткан жыйындар КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек экендигин айткан.