Депутат Жыргалбек Турускулов: "Депутаттар каникулдан келип акклиматизация болуп жатышса керек"

Жазында "Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат" деген пикирлер коомчулукта көп айтылган. Азыркы учурда коомчулук парламентти "өз пикири, позициясы жок, кылчактама" деп сындап жатат. SUPER.KG порталынын "Парламентте эмне өзгөрдү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов жооп берди.

Жыргалбек Турускулов эл өкүлдөрүнүн өз пикирлери жок деген сөзгө кошулбай турганын айтты.

"Жогорку Кеңеш өз пикири, позициясы жок, кылчактама болуп калды" дегенге кошулбайм. Коомчулук эмне боюнча доомат коюп жатканын билбейм. Кечээ акыйкатчы тандалып жатканда деле өзүнүн оюн айткан депутаттар болду. Жогорку Кеңештин ишине жакшы деген баа берем. Эч нерсе өзгөргөн жок. Өз ойлорун айта албай калды дегендей шамал да болгон жок. Бизди эч ким пикириңерди айтпагыла деп мажбурлаган жок. Депутаттар жаңыдан ишке киришип, каникулдан кийин акклиматизация болуп жатышса керек", - дейт Турускулов.

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева, саясий серепчилер Марс Сариев, Орозбек Молдалиев, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан