Жазында "Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат" деген пикирлер коомчулукта көп айтылган. Азыркы учурда коомчулук парламентти "өз пикири, позициясы жок, кылчактама" деп сындап жатат. SUPER.KG порталынын "Парламентте эмне өзгөрдү?" деген соболуна саясий серепчи Марс Сариев жооп берди.
Ал билдиргендей, азыркы учурда Кыргыз мамлекетинде саясат деген жок.
"Европанын критерийин алсак, бизде саясатчылар отурукташа элек. Европалык нормалар кире элек. Парламентте партиялар идеология менен иштебесе саясатчылар өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырат. Жогорку Кеңеште ишкерлер отурушса, алар саясий идеология менен жумуш жасабайт да. Бири-бири менен тил табышып компромисске барган этап болуп жатат.
Фракциялар идеология менен иштебесе, саясатчылар өз кызыкчылыгын коргоп жатса, Жогорку Кеңештин ишине кандай баа берем? Парламент 10 жылдын ичинде азыркыдан жакшыраак отурукташып калат деген ойдомун", - деди Сариев.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, экс-депутат Ыргал Кадыралиева, саясий серепчиОрозбек Молдалиев,"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.