Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Жогорку Кеңеш бийлик эмне десе ээрчип калды"

Жазында "Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат" деген пикирлер коомчулукта көп айтылган. Азыркы учурда коомчулук парламентти "өз пикири, позициясы жок, кылчактама" деп сындап жатат. SUPER.KG порталынын "Парламентте эмне өзгөрдү?" деген соболуна
жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.

Ал Жогорку Кеңеш таркашы керектигин айтты.

"Мен Жогорку Кеңеш күчүн көрсөтө баштады" деп айткандарга каршымын. Бул бирөөлөр айтып койгон сөз болуш керек. Менин жеке оюм боюнча, азыркы парламент элге жакпаган иш-аракеттерди жасап жатат. Мисал катары, акыйкатчыны шайлагандары боюнча айтсам болот. Алардын таркап кетүүсүн талап кылып акцияга чыгып жатам. Депутаттар эл менен иштешпей туруп, элдин пикирин эске албай туруп мурда коопсуздук кызматында иштеген адамды акыйкатчы кылып отургузганы туура эмес. Жогорку Кеңеш туура эмес иш-аракеттерин дагы деле улантып жатат. Парламент бийлик эмне десе ээрчип калды. Бул парламент ишке жарабайт, таркап кетсин!", - деди Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, экс-депутат Ыргал Кадыралиева, саясий серепчилер Марс Сариев, Орозбек Молдалиев,"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан