Бишкекте 3-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 32 жаштагы Эльвира Султанбаева изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын эжеси Анаркан Султанбаева билдирди.
Анын айтымында, Эльвира Султанбаева 3-сентябрь күнү жумушка кеткен бойдон дайынын билдирген эмес.
"Ар бир адам өзүнүн жашоосун өзү чечет экен. Ошондой эле менин өз турмушум күндөгү калыпта өтүп жатат. Бирок энемдин кайгырып, күнү-түнү уктабай ойлонуп жатканы жүрөгүмдү оорутуп келет. Эльвира, эгерде окуп жаткан болсоң дайынынды билдиришиңди суранам", - деди эжеси.