"Ирак сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү жана блоггер Тару Фарести белгисиз адамдар унаасынын ичинен атып кеткен. Анын баш сөөгүнө 2 ок, көкүрөгүнө 1 ок тийип каза болгон.
Чет элдик басылмалар Тару Фарес өлөр алдында туткунга алынганын жазып чыгышкан. Анткени сулуунун Инстаграмдагы баракчасына ак-кара түстөгү сүрөтү жүктөлүп, анын алдына "Кудай ушул кыздын кылган күнөөлөрүн кечирип, мээримине алсын" деген билдирүү жазылган. Андан көп узабай эле Тару Фарестин каза болгону айтылган. Учурда полиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.
Тару Фарес 2015-жылы "Ирак сулуусу" сынагын жеңгенден кийин Европага көчүп кеткен. Бирок ал жакта узак убакыт жүрбөй мекенине кайтып келген. Тару Фарес өзүнүн "чуулуу" сүрөттөрүн коомго көрсөткөнү менен белгилүү.