Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Мелис Турганбаев килем үстүнө чыгат

Бүгүн, 28-сентябрда Македониянын Скопье шаарында эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алат. Анда 2 жаш категорияларда мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

Кыргыз өлкөсүнөн бүгүн килем үстүнө мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев чыгат. Турганбаев "Е" категориясынын 78 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Анын алгачкы атаандашы орусиялык Владислав Егоров болмокчу. Ал эми аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 4 балбан катышат.

Айта кетсек, Мелис Турганбаев 2016-жылы орун алган Дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Farra16gsin
2018-09-28 10:24:47
Базар жок брат дерзай
+1
rysik79
2018-09-28 15:20:25
Орус кыйын орус которуп чаап суйроп олтурот мелисти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан