Токтогул ГЭСиндеги жетекчилердин бири жумушчуларды өз эгин талаасына барып иштетти делген видео тарады

"Токтогул ГЭСиндеги Коммуналдык ишканалар комбинатынын жетекчиси Өмүржан Кыдырмаев өзүнүн эгин талаасына жумушчуларды алып барып, жумуш учурунда иштетти" делген видео интернетте кызуу талкууланууда. Аталган видеону журналист Кудрет Тайчабаров өзүнүн интернеттеги баракчасына жүктөгөн.

Тайчабаровдун билдиришинче, окуя кечээ, 27-сентябрда Кара-Көл шаарында болгон. Ошондой эле ал ишкананын жетекчисин кызматтан алынышын талап кылган.

“27-сентябрда Кара-Көл шаарынын Токтогул ГЭСиндеги Коммуналдык ишканалар комбинатынын жетекчиси Өмүржан Кыдырмаев өзүнүн эгин талаасына жумушчуларды алып барып, жумуш учурунда иштетиптир. Президенттин жарлыгына ылайык, "2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланган. Көрсө, аймактагы жетекчилер өзүнүн чарбасын жумушчулардын күчү менен өнүктүрүш керек деп түшүнүп алган окшойт. "Электр станциялары" ААКсынын жетекчилиги, кандай кадрды жетекчилик кызматка койгонсуңар? Садагаң болоюн Советтен (Кара-Кулжа районунан - ред.) эмес, коркпой кызматтан алгыла. Себеби түнкү нөөмөттөн эс алууга чыккан жумушчу кайра эс албай жумушка чыккан болсо, уктап калып чоң кырсык болушу мүмкүн. Арасында кароолчулар, сантехниктер, жооптуу кызматкерлер жүрөт. Андан да атасындай болгон аксакалдарды, энесиндей болгон апаларды иштетип койгонун кандай түшүнсө болот? "Электр станциялары" АККсы, чара колдоносуңарбы же жергиликтүү жетекчилер бай-манап заманындагыдай жашай беришеби? Кызматтан алынсын! Көзөмөлгө алабыз", - деп жазган Тайчабаров.

SUPER.KG порталы аталган маалыматтын чын-төгүнүн тактоо үчүн "Электр станциялар" ААКсына байланышканда, аталган мекеменин басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева видеодогу жүгөрү оруп жүргөн адамдар чын эле Токтогул ГЭСиндеги Коммуналдык ишканалар комбинатынын кызматкерлери экендигин ырастап, бирок ал жер менчик эмес, ГЭСтин карамагындагы жер экенин айтты.

"Бул видео кандай максатта жарыяланып жатканын билбейм. Ал жер ишкананын жетекчисинин менчиги эмес. Токтогул ГЭСинин карамагында 10 гектар жер бар. Кадимки мамлекеттик жумуштагы ишембилик катары өткөрүлгөн иш", - деди Айдаралиева.



Токтогул ГЭСиндеги Коммуналдык ишканалар комбинантынын жетекчиси Өмүржан Кыдырмаев "өзүнүн эгин талаасына жумушчуларды алып барып жумуш учурунда иштетти" делген видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2018-09-28 10:23:20
Эгер чындап ишкананын жери болуп калса журналист уят эле болот го
0
Mikra
2018-09-28 12:41:32
Ишкананын жери болсо деле башка биролорго ошол ишкананын эсебинен ордуруш керекда.бирок андай дейин десе.мугалимдер деле жайы менен отпускадан келишип авгус ичи школду тазалашатго чоп жулушуп.августун зарплатасын мектептин чобун жулуп алышат окшойт менимче ошондо мугалимдер.бирок директорлор чоп жулбайт.приказ берип коюп кетип калат.ар бир мугалимге жерлерди болуп берип.байкуш мугалим августа сабагына даярданбай эле чоп жулатанан сентябрда план сурашат.ошондо тушуно бергиледа кайдагы билим сапат
+1
adiaza
2018-09-28 16:11:46
Балким 10 гектар жер Токтогул ГЭСиники болушу мумкун бирок ошол жерге себилген эгин да ГЭСтики экени кумон жаратып жатат. Жазында жугоруну кимдер себиптир аны да жумушчулар себиптирби эгер ГЭСтики болсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан