Бишкек-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргыз темир жол ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-сентябрда жол каттамдары саат 11:00дөн 15:00гө чейин толугу менен жабылат.
"Унаа жол поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек-Торугарт жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Ал эми Ысык-Көл облусу тарапка баруучу унаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт", - деп билдирет басма сөз кызматы.