Депутат Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы тууралуу маалыматты Башкы прокуратура текшере баштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы тууралуу маалыматты Башкы прокуратура текшере баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Прокуратуранын белгилешинче, тийиштүү документтер 25-сентябрда келип түшкөн. Материалдын негизинде териштирүү иштерин Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы жүргүзүп жатат.

26-сентябрда парламенттин акыйкатчыны шайлоо жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовдон "Сиз мени башка өлкөнүн жараны деп айтыптырсыз" деп сураган. Мамытов "Сиздин башка өлкөнүн жараны болгонуңуз боюнча менде материалдар бар. 1 ай мурун Казакстандын ИИМи тарабынан жана Кыргыз органдары тарабынан маалыматтар алынып, прокуратурага жана ИИМге өткөрүлүп берилди" деп жооп кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан