Депутат Иса Өмүркулов Кыргыз өлкөсүнө келген тамак-аштын көлөмү 95 пайыз экенине тынчсызданды. Ал бул тууралуу пикирин бүгүн, 28-сентябрда парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө бизде тамак-аштын 95 пайызы сырттан келет. ЕАЭБге кирдик, биз сыртта калып калбайлы. Бүгүнкү күндө Беларустан сүт азыктары келүүдө, Казакстан ун менен бизди толук камсыздап койду. Кудай сактасын, эртең бирдеме болуп алар чек араны жаап койсо, оор кырдаал жаралып калат.
Ишкерлерге жардам берип жатабыз, тапшырма бердик дей бербей, реалдуу ишке өтүшүбүз керек. Өзүбүздүн ишкерлерди колдойлу, салык тармагы чоң маселе, бирок салык саясатын туура жүргүзүп, ишкерлерге жеңилдиктерди түзүш керек", - деди Өмүркулов.