“Илимий даражам боюнча китебим 2009-жылдан бери эле китепканаларда турат". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, аталган илимий эмгекти атайын стратегиянын негизинде иштеп чыгышкан.
"2009-жылы да бул маселени бир чукулап көрүшкөн. Азыр да чукулап жатышыптыр. Докторлук диссертациям эч жерде катылган эмес. Шайлообек Мусакожоев илимий жетекчим болгон. Стратегия жазып, ошонун негизинде иштеп чыкканбыз. Бул маселени чукулоо 10 жылдан кийин дагы бирөөгө керек болуп калган окшойт. Азыр доско караганда душман көп. Буга чейин бизнесиме, үй-бүлөмө асылып көрүштү. Эми ушул темага кайра кайтып келишти”, - деди ал.
Буга чейин Орусиянын "Диссернет" эркин коомдук тармагына Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясындагы айрым маалыматтар башка булактан көчүрүлүп алынганын жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, башка булактан алынды делген маалыматтардын астына авторго шилтеме берилген эмес. "234 беттүү маалыматтын 107си башка булактан көчүрүлгөн", - деп жазылат анда.