Депутат Рыскелди Момбеков 5 жыл ичинде экономикасы өнүккөн 50 өлкөнүн ичине кирүүнү жомок катары баалады. Мындай пикирин ал бүгүн, 28-сентябрда парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
"5 жылда ИДПнын көлөмү боюнча өнүккөн 50 өлкөнүн катарына киребиз деген "100 койдон 900 козу, бир койдон 40 килограмм жүн алабыз" дегенге барабар. Жомокту да эби менен токуу керек. Биздин өлкөнүн экономикасы "Кумтөрдөн" көз каранды. 230 миллиард сом каражаттын көлөмүндө товар өндүрсөк, анын 100 миллиард сому алтын өндүрүүдөн. Алтын өндүрүү болсо азайып калды. Бүгүнкү күндө 192 өлкөнүн ичинде 153-орундабыз, анан кантип 50 мамлекеттин катарына кошулабыз түшүнбөйм, ушундай секирикти кантип жасайбыз?" - деди Момбеков.