Депутат Искендер Матраимов өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынга даярдыксыз келгенин сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
"Өкмөт мүчөлөрү жыйынга келе жатканда каралуучу маселеге тийиштүү адамдар келбейт экен, ким барат деп издешет экен. Анан телефонун алган же табылган чиновник эксперт жазып берген 4 баракты көтөрүп алып келе берет экен. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, жыйынга даярданып келсеңер. Кадр маселесине токтолсом, ар бир ишке өз ишин билген адамды койсоңор, эч нерсе билбеген кадрлар өкмөттүн жалпы ишин артка тартып коюуда", - деди Матраимов.
Учурда фракция жыйынында өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында өкмөттүн аткарган иши, бизнести жүргүзүү жана глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси рейтингдеринде Кыргыз өлкөсүнүн көрсөткүчтөрүнүн маселеси каралууда. Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.