СУПЕРСТАН: "Ошондо ал белгисиз чалуунун артында ким турганын билгенимде ал менен маек уланмак эмес, аттиң..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ичпесе, чекпесе калганын жөндөп кетем" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Кызыктын баары жумушка киргенде башталды, бирге жашап кеткен Жылдыз деген эже чалды. Шаардын четиндеги кошуна жашаган бала менен таанышып көрбөйсүңбү, үйдүн кичүүсү, ата-энеси карып калган өзү жакшы бала деп айтып калды. Мен мурун ага тамашалап айтып калчумун, ата-энеси кары адамдар болсо кызматын кылып, Орусияга барбай жашасак, ошондой бала тапкыла деп. Ал кезде жаш болгон экенмин, бирөө менен таанышууну андай деле олуттуу ойлобой таанышып койдум. Кийин ал бала дүкөнгө келип бир-эки жолу жолугуп кетти. Ошентип каникулга тарадык. Ошол күндөрү бир тааныбаган номерден өтө сылык сүйлөгөн жигит таанышып алалы деп чалып жатты. Кимден жана кайдан телефон номеримди алганыңды айт деп коркуткандай катуу айттым. Ал шашып кетип группалаш кыздар бергенин, өзүнүн ким экенин анан айта турган сөздөрүн айтты. Жакын 4-5 курбуларым бар болчу, алардан билейин десем эч кимиси үн катпайт. Мен дагы бир күнү айтышар деп эч кимисине сыр берген жокмун. Ишениптирмин... Ошондо ал белгисиз чалуунун артында ким турганын билгенимде ал менен маек уланмак эмес, аттиң..."

Окуяны толугу менен окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Аябай чоң, коркунучтуу бир сырды катып жатышат окшойт кайын журтуң. Эмне болду экен?"

- "Мен күйөө маселесинде өзүм жөнүндө эле окугандай болдум. Бир айырма бар, меники ичет жана чекчү анан бир Кыргыз өлкөсүндө эле жашадык. Төрөгөн учурдагы сүрөттөгөн нерселер окшош. Менин да күйөөмдүн ата-энеси жок эле... Мага эже же сиңди болоттурсуз, балким, курдаш чыгарбыз, сырдашсак болчудай экен. Эркекти жумуш караштырбайсызбы деп безилдеп жыйынтык чыкпай, өзүм иштеп тытынган көрүнүш мага да тааныш..."

- "Мен дагы жакында 1 жашар балам менен барайын дегем. Күйөөм ошол жакта. Анда биз да кыйналсак керек. Бирок бул жакта да кыйналып жатабыз. Күйөөмдүн дагы кээде иши жок болуп калат".

- "Кудайым ай, ушундай эркек сөрөйлөр дагы бар экен да. Эмнеге кайын журту жакка бир кадам бастырбай койду экен, эшик төрүн көрсөтпөй".

- "Ай-ий, ушундай эркектен Кудай сактасын. Биз дагы кыз багып жатабыз Кудайым бактысын кошо берсин".

- "Аябай сонун жазып жатасыңар. Сабырдуу, күчтүү аял экенсиз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан