Нарында "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдогон жыйын болуп өттү

Нарын шаарында "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдогон жыйын өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Тариэль Болотбеков кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-сентябрда Нарындын тургундары жана Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунан келген партия өкүлдөрүнүн жыйналышы болуп өттү. Жыйындагы негизги маселе катары өлкөнүн бардык аймактарында "КСДП Атамбаевсиз" ураанын алдында жыйналыштарды өткөрүү жана партиядагы татыксыз мүчөлөрүн чыгаруу сунушу каралды. Жыйынтыгында катышуучулар жогорудагы сунушту бир добуштан колдоп беришти.

Буга чейин коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып Чүй облусунун Москва, Панфилов, Сокулук райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал районунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн.

Ал эми КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов КСДПнын тизмесинде жок экенин, өтүп жаткан жыйындар КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bekmirzach
2018-09-28 15:54:48
КСДПчылар азыр лидер болуп турган А.Атамбаевди жана башка коррупциялык жаңжалдарга аралашып, элге жек көрүндү болгон инсандарды партиянын катарынан чыгарып, алардын акыркы жылдарда кетирген кемчиликтерин, кылмыштарын аёосуз сынга алып, алар үчүн элден кечирим сурап, өздөрүн алардан бөлүп, экинчи андай кемчиликтерди кетирбөөгө убада берип, буга чейин репутациясы булганбай таза иштеп келген, харизмалык сапаттары бар жаңы лидерди шайлоолору зарыл.
-1
Erik2018
2018-09-28 15:55:27
Атамбаевди азыр эч ким колдобой калган. Жер жерлерде азыр Атамбаевге каршы иш чаралар жүрүп жатат. Мен лично АШАны колдобойм.
+1
Bazake
2018-09-28 15:57:51
Атамбаевди токтоосуз кууп чыгыш керек. Ал СДАКнын лигитимсиз лидери. Партиянын мучолору аны шайлаган эмес.
Буга чейин коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып Чүй облусунун Москва, Панфилов, Сокулук райондорунда, Жайыл, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал районунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн. Токмок жана Кара-Балта ш
-1
tnz
2018-09-28 16:01:22
Атамбаев уже тугоду окшойт Нарынды коргондо оогон ээси ого бетер ООП жатып калган болуш керек.
-1
baisogur
2018-09-28 16:25:33
tnz,)))таза суйлопсунго Тууганым.
-1
uli1234
2018-09-28 16:29:04
Атамбаевди копчулугу колдобой калды окшойт элдер
-1
amirrus
2018-09-28 19:04:42
Суу кетет да сай калат АШАнын доору кетти эми тынч камалбай качбай жургонуно суйунуп жашай берсе болот кайпти кылып русская водка менен
-2
ruslanz
2018-09-28 19:50:56
АША башынан през.катары башынан жакпайт.Айылдагы кошоматчылары жанын берчудой чуркашкан.Ошол кошоматчылар кийинки парл.шайлоодо кимге чуркашаар экен,кызык.(АШАга точно чуркашпайт)
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан