Бүгүн, 28-сентябрда жергиликтүү маалымат булактарына "Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жаңы мектептин ачылыш аземинде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 2 сааттан ашык күткөн окуучулар өздөрүн жаман сезип, көлөкөдө баш калкалаган" деген маалымат жарыяланган.
Бул боюнча Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сүйүнбай Исаков
SUPER.KG порталына мектептин ачылышы белгиленген мөөнөттөн 5 мүнөт мурун башталганын билдирген.
Бул окуяга байланыштуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өз оюн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Мектептин ачылыш салтанаты негизинен саат 12:00гө пландалган. Биз мектепке саат 11:20га бардык, ал эми салтанаттуу иш-чара саат 11:30да башталды. Мектеп окуучуларын тизгиле деп эч ким буйрук берген эмес. Мектептин курулуш иштери 10 жылдан ашык убакытка созулгандыктан, анын ачылышы айыл тургундары үчүн көптөн күткөн салтанат болду. Мындан кийин ушуга окшош иш-чараларга балдарды тартууга тыюу салабыз", - деп жазган Өмүрбекова.