27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылы өлкөдөн чыгарып кетти делген акчанын бири дагы кайтарылбаганын айтты. Буга чейин Максим Бакиевдинжакын санаалашы болгон Евгений Гуревич "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деп маалымат тараткан. Арадан 8 жыл өттү. Ал каражаттар тууралуу дале натыйжалуу иш жүргүзүлө элек. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтарууга бийлик кызыкдар эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.
Анын айтымында, өкмөттүн аталган маселеде жакшы иштебей жатканы АКШ Конгрессинде да көтөрүлгөн.
“Менимче, акчаларды кайтарууга бийлик кызыкдар болушу керек. Жаңы прокурор да парламенттин кечээги жыйынында каражаттарды кайтарууга кызыкдарбыз деп айтты. АКШ Конгрессинде Бакиевдердин маселеси көтөрүлүптүр. Анда Скотт деген адвокат “Кыргыз өкмөтү 6 жылда жакшылап аракет кылса болот эле” деп айткан экен. Ал эми Гуревич болсо кылмыш ишимди жапсаңар гана акчаларды кайтарууга жардам берем дептир. Атайын юридикалык компания жалдаптырбыз го. Ал кызматы үчүн каражаттын 33 пайызын алат экен. Ошонун ишин байкап туралы. Интерпол менен мамилебиз бар. Бирок алар экономикалык иштерге аралашпаса керек. Акчалардын кайтарылбай жатканына караганда, өкмөттө эл аралык мамилени түшүнгөн юристтер жок окшойт. Кечээги парламент жыйынында да өкмөттүн юристтери жооп бере алышкан жок. Бул да кадрлардын деңгээли төмөндүгүнөн кабар берет”, - деди Нурбаев.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.