27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылы өлкөдөн чыгарып кетти делген акчанын бири дагы кайтарылбаганын айтты. Буга чейин Максим Бакиевдинжакын санаалашы болгон Евгений Гуревич "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деп маалымат тараткан. Арадан 8 жыл өттү. Ал каражаттар тууралуу дале натыйжалуу иш жүргүзүлө элек. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтарууга бийлик кызыкдар эмеспи?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.
Чолпонбаев байлыктарды Бакиевдер 2010-жылдын 4-апрелинде алып чыгып кеткенин айтты.
“Бийлик Бакиевдер чыгарып кетти делген каражатты кайтарбоого кызыкдар деген ойдон алысмын. Бирок бизде Бакиев убактылуу өкмөт менен сүйлөшүп алды деген күмөн бар. Бакиев алар менен “менин артыман издебегиле” деген шарт коюшу мүмкүн. Бакиевдер байлыктарды 4-апрелде алып чыгып кеткен. Революция 7-апрелде болгон. Алар өлкөдөн чыгарып кеткен акчаны кайтарып берген жок. Кайтарып бергенге аракет дагы кылган жок. 4-апрель күнү Максим Бакиев менен анын апасы Татьяна Бакиева өлкөдөн 23 тонна жүк алып чыгып кетишкен. Ал эмне болгон жүк экенин эч ким билбейт, эч ким текшерген эмес”, - дейт Чолпонбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутат Улукбек Кочкоров, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.