27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылы өлкөдөн чыгарып кетти делген акчанын бири дагы кайтарылбаганын айтты. Буга чейин Максим Бакиевдинжакын санаалашы болгон Евгений Гуревич "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деп маалымат тараткан. Арадан 8 жыл өттү. Ал каражаттар тууралуу дале натыйжалуу иш жүргүзүлө элек. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтарууга бийлик кызыкдар эмеспи?" деген соболуна УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жооп берди.
Ал Бакиевдер чыгарып кеткен акчанын өлкөгө кайтарылбай жатканы боюнча маалыматы жок экенин айтты.
“Менин бул боюнча бир нерсе дешим кыйын. Анткени кызматтан кеткениме 8 жыл болду. Бул иш боюнча козголгон кылмыш иштин материалдарын, иштин алкагында кандай иликтөөлөр жасалганын билбей туруп, буга баа беришим кыйын. Эгер бул иштен кабарым болсо, тергөөнүн кандай өңүттө жүргөндүгүн же ишти атайын кыскартып койгондугун билсем, анда баарын баштан аяк айта алмакмын”, - деди Дүйшөбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутат Улукбек Кочкоров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.