27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылы өлкөдөн чыгарып кетти делген акчанын бири дагы кайтарылбаганын айтты. Буга чейин Максим Бакиевдинжакын санаалашы болгон Евгений Гуревич "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деп маалымат тараткан. Арадан 8 жыл өттү. Ал каражаттар тууралуу дале натыйжалуу иш жүргүзүлө элек. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Бакиевдер чыгарып кетти делген каражаттарды кайтарууга бийлик кызыкдар эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров жооп берди.
Ал Өзбекстан бийлиги мурунку президенттин кызы Гүлнара Каримованын 800 миллион долларын артка кайтарууга жетишкенин айтты.
“Акчалардын чыгарылып кеткени боюнча иш козголуп, тастыкталган. "Азия универсал банкынан" каражаттардын чыгарылганы - бул факт. Гуревич системдик түрдө коррупция жолу менен түшкөн каражаттар кезеги менен сыртка чыгарылып турган деп жатат го. Демек, муну текшерүү керек. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги акчаларды кайтарууга кызыкдар беле деген суроо туулат. Бул, албетте, күмөндүү. Анын учурунда активдүү түрдө иш жүргөн жок. Жасалмалуулук менен аягына чыгарууга кызыкдар эместей мамиле жасашты. 2015-жылга чейин аракет жасалган жок. Тоңдурулган ири суммадагы акчалар бар дешти. Эмне үчүн ал боюнча иш жүрбөйт?
Өзбекстан бийлиги “мурунку президенттин кызы Гүлнара Каримова коррупциялык жол менен өлкөдөн 800 миллион долларды чыгарып кеткен” деп соттошуп отуруп, акчаларды кайтарганга жетишти. Аларга бир жарым жыл жетти. Биз болсо 7-8 жылдан бери ишке ашыра албай жатабыз. Биздин бийлик “сүйлөшүп жатабыз, иштеп жатабыз” деген түр көрсөттү десек болот. Бул маселенин артында кандайдыр бир иштер бар экенин билдирүүдө. Балким, өздөрүнүн кызыкчылыктарын чечип алып, ушинтип жатышкандыр. Мамлекеттин мүмкүнчүлүгү бар. Президент айткандай өлкөнүн укуругу узун. Эгер каалаганда жасаса болот эле. Эми жаңы бийлик келди, жаңы жагдайлар да чыгып жатат. Жаңы бийликтен үмүт артып турабыз. Каражаттар кайтарылса карыздарды жапканга жардам болот беле деген ой”, - деди Кочкоров.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Кыргыз мамлекетинин Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.