Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун кылмыш иши токтотулган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда УКМК аталган иш боюнча тергөө жүргүзүп жатат.
Бул маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылганыбызда, алар да "иш токтотулганы боюнча бизге документ келип түшө элек" деп маалымат беришти.
Ушул жылдын 12-июнунда Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып, сот чечим чыгарган. Анда Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салуу боюнча райондук соттун өкүмү жокко чыгарылып, тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.
"Алмамбет Шыкмаматов 2 жыл Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.