Түркиянын ханайымы Эмине Эрдогандын унаа тыгынында калгандыгына байланыштуу бир нече кызматкер жумуштан алынды

Түркиянын ханайымы Эмине Эрдогандын унаа тыгынында калгандыгына байланыштуу бир нече кызматкер жумуштан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүдө өз милдеттерин толук аткарбагандыгы үчүн Кырчын жайлоосуна кеткен жолдо унаа тыгыны пайда болгон. Тыгын расмий делегациянын кортежине тоскоолдуксуз өтүүгө жолтоо болгон. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында унаа тыгыны пайда болгондугуна жол берген бир нече кызматкерлерге чара көрүлдү.

"Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана Ысык-Көл облустук ЖКККБнын жетекчисинин орун басары кызматынан алынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисине катуу сөгүш жарыяланса, Ички иштер башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы жетекчисине эскертүү берилди. Ошондой эле Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын дагы бир кызматкери кызматынан алынып, ЖКККБнын 2 инспектору эскертүү алышты", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңеши Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Кырчын жайлоосунан кайтуу учурунда жол тыгынында калып калганын айтып, бул окуя боюнча иликтөө жүрөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Mikra
2018-09-28 18:25:06
Ммм соз жок.шылтоода.башкаларга меймандостугубузду корсоттукда.
-1
aibars
2018-09-28 18:36:11
Бул деген меймандостукту корсотконубуз учун аларды сыйлап иштен алып жатканда эмес. Кудай сактасын, ошол тыгында турганда бироо жарым келип атып кетсе эмне болот. Туркторго эрегишкен бизге эрегишкен душмандар ото коп. Ошондуктан тыгыны жок тез, коопсуздукта отуп кетиши керек.
+7
Mirlan27011987
2018-09-28 18:55:47
Туркиянын ханайымы бизге Кудай бекен. Анчалык эмне мамлекеттик денгелдее чуу чыгарышты. Пробка деген любой жерде боло берет. Андай пробкада баарыбыз калып жургонбуз Бугунку бийликтин туркторго жагынуу аракети. Эгер Роза Отунбаева ушинтип пробкада калып калганда эч ким унчукпай отура бермек. Бизде намыс жок. Турктор деле бизге окшогон адамдар.
-1
nurhan2702
2018-09-29 18:26:21
Mirlan27011987,мин жолу плюс басмакмын созуно ,эгер мумкунчулук болсо
0
Chagylgan2
2018-09-28 19:02:32
Сокенин катынынан буйрук тушсо керек да. Б.а. катыны Сокеге суйлонсо керек. Соке болсо ИИМ министрин жекирсе керек... Кошоматчылык да... Сокенин...
-2
RasuI94
2018-09-28 19:21:40
Эрдоган анчалык кыйын экен аялын учак менен алып кетпейби.Калп эле өзүн пиар кыла берет элден сүйлөп жатканда басып кетип!
+7
Dalil
2018-09-29 09:15:28
RasuI94, ошол Трамп сүйлөп жатканда туруп басып кеткени да эрк керек да. Канчалаган өлкө башчылары ичинен каршы болсо да эрки жетпей унчукпай угуп отурушат.
+8
Flowhive
2018-09-28 19:57:20
Эл оозунда элек жок дейт, бирок мейман атаңдан улук ... биздин гаишниктер өз милдеттерин так аткарууну билишпейт
+10
monster_high_98
2018-09-28 22:27:57
Озу кичинекей жол,анан ушунча эл келип жаткан сон албетте пробка болот!Эл катары эле тыгында калды,анан калп эле кошоматчылык кылып жумуштан ала берсенер,,Озуу кыйратып жумуш менен камсыздап,багып жатасынарбы элинерди
+3
surgeon777
2018-09-29 10:24:36
monster_high_98,туптуура айттын!
-3
bond02
2018-09-29 00:39:09
Шашып кайда бармак экен ал катын?
-7
gaibilla
2018-09-29 10:09:14
Эрдогандын аялы сулуу экен
0
tynara81
2018-09-29 10:17:09
Эмнеге орун басарлар кетет кызматтан. Эүкөөнүн тең орун басары жумуштан кетиптир. Жетекчилер сөгүш менен чектелиптир. Каерде тартип бузуу болсо орун басар кетет кызматтан.
-2
Nazic
2018-09-29 10:26:31
Биринчи жетекчи кетиш керек жумуштан... эмнеге орун басар? Жетекчи беретпи туздон туз указды же орун басарбы? Жетекчинин крышасы кучтууго, же акчасын чыгара элек болуш керек, качан Кыргызстан онугот, жок дегенде балдарыбыз, неберелерибиз онуккон, чындык тарсылдаган олкодо осуп чонойсо экен... коом онукмойунчо, олко онукпойт..
-1
Zanzibara
2018-09-29 11:44:04
Туугандар! Мамлекеттер арасында эл аралык мамилелер деген түшүнүк бар. Ошол эл аралык мамилелер боюнча өлкө башчылар жана жубайлары пробкада калбастан токтоосуз өтүү керек. Бул эреже кандай мамлекет болбосун так сакталат. Бул жерде олтуруп алып эле ой келди нерсени жазып "бир катын пробкада калса эмне болуптур, андай кыйын экен учак менен кетпейби ж.б. сөздөрдү жаза бербей кичине ойлонуп анан жазсаңар туугандар. Жетекчи эмес орун басарлар ошондой ишти уюштуруш керек, ошол үчүн орун басар.
+3
Zanzibara
2018-09-29 11:48:32
Кайсы мамлекеттин башчысы башка мамлекетке барса эл аралык стандарт менен тейлениш керек. Пробкада калса эмне болуптур эмес!!! Турциянын башчысы биздин өлкөнү урматтап, түрк боордошпуз деп келип жаткан соң биздин жетекчилер да ошол урматка тете сый көрсөтүшүбүз керек. Талпыйып пробкада таштап коюп карап олтура бербестен. Ошол пробкада калтырган шалаакы жетекчилер сөзсүз жазасын алыш керек.
+2
Malik92
2018-09-29 12:09:05
Ошол инспекторлор биздин адамдарды тебелеп кетсе деле иштен алынмак эмес.Бийлик баарына тегиз карабайт бизде..
0
aerforce
2018-09-29 12:24:47
айтпадым беле министирлер кетпейт бечара кичинелер жумуштан ыргыйт деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан