Нарын районундагы Миң-Булак айылынын 36 жаштагы Гулина Абылова аттуу тургуну дайынсыз болуп изделүүдө. Бул маалыматты SUPER.KG'ге 28-сентябрда Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Сырымбетов тастыктады.
Маалым болгондой, 1982-жылы туулган Гулина Абылова 24-сентябрь күнү кечки саат 11:00 чамасында үйүнөн жылаңайлак чыгып кеткен.
Үйүнөн чыгып баратып үстүнө ак түстөгү спорттук костюм, кара түстөгү шым жана белине кызыл түстөгү шарф оронуп алган. Сүрөттөгү келинди көргөн же билгендер болсо, 0705 09 39 39 номуруна чалып кабарлап койсоңуздар болот.