ТИМ: "Түркияда өз жанын кыюуга аракет кылган адам Кыргыз жараны эмес"

Түркиянын аэропортунда өз жанын кыюуга аракет кылган адам Кыргыз жараны эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Стамбул шаарындагы "Ататүрк" эл аралык аэропортунда өз жанын кыюуга аракет кылган адам Кыргыз жараны эмес. Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын консулдугунун маалыматына ылайык, ал адам Казакстандын жараны экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми түрк басылмалары ал адам ооруканада каза болгондугун жазышууда.

Белгилей кетсек, 27-сентябрда, Түркиянын "Ататүрк" аэропортунда Кыргыз жараны өз жанын кыюуга аракет кылганын түрк маалымат булактары кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek.Svoboda.
2018-09-29 07:08:22
Каерде жаман иш болсо СМИ ойлонбой эле ким эле кыргыз жараны да деп жазып чыгарышат баарибир ошолор дешип!Качан такталганда анан кимдин жараны экенин айтышат!Алыс кетпей эле орусияны алалы бир нерсе болсо эле СМИ эмес биз сразу кыргыз жараныда дейбиз бирок чын эле кыргыз жараны болуп чыгат!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан