Ысык-көлдүк 8 жашар кыздын колу сынгандан кийин чирип кетип, ал 10-сентябрь күнү көз жумган. Маселе коомчулукта талкуу жаратып, парламентте да бир нече ирет көтөрүлгөн.
Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйынында депутат Гүлкан Молдобекованын айткан сөзүнөн кийин Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирург дарыгерлери иш таштаганы жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ооруканадан билдиришти.
Дарыгерлер "депутат коомчулуктун алдында бир гана хирургия бөлүмүнүн эмес, бүтүндөй оорукананын аброюна шек келтирди" деп Жогорку Кеңештин төрагасы, саламаттыкты сактоо министри жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө кайрылуу жөнөтүштү.
"Депутаттын "Чолпон-Атанын ооруканасына барсаңар өлтүрүп коюшат, хирургдары операция жасап жатып насыя алсаң дагы акчаны алып келип кой. Алдап кетесиң деп тикпей коюшат" деп эл айтты дегени, элге жамынып алып жалаа жапканы болду. Айткан сөздөрүнүн маанисине өзү деле толук түшүнбөсө керек. Өлтүрүп коёт деген сөз атайын адамдын өмүрүн кыйгандык болуп эсептелет жана сот жообуна тартылуучу иш. Бул сөзү менен депутат дарыгерлерди кылмышкерлер деген мааниде айтып жатат. Депутат Молдобекова саламаттыкты сактоо тармагынын бир көйгөйүн чечмек тургай, маселе катары алып чыккан да жок. Социалдык тармактардан эл алдында биздин оорукананын аброюн мынчалык түшүргөндөн кийин, ушул нерселерге фактылар менен жооп беришин талап кылабыз. Ошондуктан депутат фактыларды берсин же эл алдында Ысык-Көл аймактык ооруканасынын эмгек жамаатынан кечирим сурасын. Болбосо, биз, хирургдар 1-октябрдан тартып өз каалообуз менен жумуштан кетели", - деп айтылат кайрылууда.
Айта кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 8 жашар кыз оор абалда келип түшкөнүн билдирген. Ал маалда кыздын колу чирий баштаган. Дарыгерлер дароо операция жасап, кыздын колун кесишкен. Кыздын абалы турукташканы менен, 10-сентябрь күнү таңга маал көз жумган. Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлгөн. Дарыгер Кубаныч Абдураззаков "Биринчи жардамды көрсөткөндө ишимди так аткаргам, бирок кысып салган деп күнөөлөп жатышат" деп билдирген эле.