Биз социалдык тармакта

Бишкектин Свердлов районунда ирригациялык түйүндѳрдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Борбор калаанын Свердлов районунда ирригациялык түйүндѳрдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын май айында Свердлов райондук администрациясы тарабынан райондун аймагындагы жана Чыгыш-5, Чыгыш-6 кичи райондорунун ички ирригациялык түйүндѳрүн капиталдык оңдоо боюнча долбоор иштелип чыккан.

"Бүгүнкү күндѳ "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан Герцен кѳчѳсүнүн Түгѳлбай-Ата кѳчѳсүнѳн №11-орто мектептин футбол талаасына чейин ирригациялык түйүндѳрдү алмаштыруу боюнча оңдоо-калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдѳ. Буга чейин Түгѳлбай-Ата кѳчѳсүнүн Гоголь кѳчѳсүнѳн Сүйүнбаев кѳчѳсүнѳ чейин 228 погондук метр ирригациялык түйүн оңдолгон", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан