Нарында окуучу үйүнө кеч барып, ата-энесинен коркконунан аны белгисиз адамдар уурдоого аракеттенди деп калп айткан. Учурда милиция тиешелүү иш-чараларды өткөрүүдө

Нарын шаарында мектеп окуучусу үйүнө кеч барып, ата-энесинен коркконунан аны бейтааныш адам уурдоого аракет кылды деп калп айтып койгон. Адам уурдоого аракеттенди деген арыз далилденген жок. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

В.П.Чкалов атындагы мектептин окуучусу аны уурдоого аракет кылгандыгы боюнча ата-энесине айтып, милицияга арыз жазган. Иликтөө иштеринин алкагында окуя жалган болуп чыкты.

"Нарын шаарынын 1980-жылы туулган А.А. аттуу тургуну 27-сентябрь күнү Нарын ШИИБине арыз менен кайрылган. Анда ал В.П.Чкалов атындагы мектептин 4-классынын окуучусу 2008-жылы туулган М.Аны бейтааныш адам колунан кармап, жулкулдатып жаткан жеринен башка адам келип арачы түшүп, кийин үйүнө жеткирип келгенин айткан. Бул арызды баланын апасы уулунун айтуусу боюнча жазып берген. Арыз катталып, аталган окуучунун сөзүн аныктоо максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган билдирүү боюнча маалымат чындыкка дал келбегени аныкталды. Окуучу психолог жана мугалимдердин катышуусунда суракка алынып, кийин ал калп айтып койгонун билдирген. Ал үйүнө кеч барып, ата-энеси урушпасын деп жалган окуяны ойлоп тапкандыгын айткан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, азыркы учурда Нарын облусу боюнча бардык мектептерде милиция кызматкерлери тарабынан мугалимдер, ата-энелер жана мектеп окууучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba-savai87
2018-09-29 12:06:30
Ата энеси мурун коп урушуп журсо керек эле да бала корконуна караганда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан