Бишкекте мындан 11 күн мурун 7-кабаттан секирип каза болгон кыздын аты-жөнү такталып, сөөгү энесине өткөрүлүп берилди

Бишкекте мындан 11 күн мурун 7-кабаттын чатырынан секирип каза болгон кыздын аты-жөнү такталып, сөөгү энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыздын ким экендиги такталган, аны энеси келип көрүп тааныды. Маркумдун сөөгү энесине өткөрүлүп берилген. Ал батирде жалгыз жашачу экен, буга чейин борбордогу кафелердин биринде официант болуп иштеп келген. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан жансыз денеси табылган учурда жанынан уюлдук телефону жана "мен чарчадым" деген кат табылган болчу. Кыздын денесинен эч кандай кыйноо белгилери табылган эмес, бийиктиктен түшкөн учурда жерге чалкасынан түшкөн",- деп билдиришти шаардык милициядан.

Белгилүү болгондой, өз өмүрүн кыйган кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Анын апасы өгөй атасы менен жашайт, ал эми кыздын атасы чет өлкөдө экени маалым болду.

Эске салсак, 18-сентябрь күнү таңкы саат 7:15 чамаларында 7-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанынан жаш кыздын жансыз денеси табылган. Кийин ал 7-кабаттын чатырынан секирип каза болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
izdeim_seni
2018-09-29 14:47:53
Өлдүң, өз шоруң! Сенсиз деле жашоо улана берет. Кыйынчылыкка бир аз чыдап койсоң болмок. Аллах жанын жаннатта кылсын!
+5
Jasa
2018-09-29 15:12:50
Апасында куноо хоть бир балан болсун турмушта оз ордун табышына жардам берип,камкор болуш керек,озунун кызыкчылыгын ойлрп турмушка чыгып кызын унутту да
+1
nurhan2702
2018-09-29 15:19:59
Байкуш ай эмне мынча чарчады экен. Адамдар чыдамсыз болуп баратабыз
+2
Nuri1988Elim2010
2018-09-29 16:31:41
Апасында куноо жок эч кандай,Оз жашоосун озу ойлошу керек эле.
Энени эмнеге куноолойбуз,тогуз ай которуп,толготуп жарыктыкка алып келгени учунбу?
Атайын ажырашты дейсинерби?7-кабаттан озунду ташта дебегендир акыры?
Апасына сабыр!
Аллахым бейиштен орун берсин
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан