Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата өткөн мааракеден фоторепортаж

29-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормонхан айылында манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр өз сөзүндө чогулгандардын баары менен бирге бул салтанаттуу иш-чарага катышып жатканына кубанганын белгилеп өттү.

"Тарыхты улуу адамдар жаратат, ал эми биздин өлкөнүн тарыхы – бул "Манас" эпосу. Сан миң сапты боюна батырган манасчылар улуттун өзөгүн кармап турат. Дал ошолор гана ата-бабалардын миң жылдык тарыхын, толук жашоо образын, өсүп-өркүндөөлөрүн, улуу жеңиштерин сактап келишкен. Манасчылардын аркасынан кыргыз элинин жашоосунун руханий байлыгы "Манас" эпосу азыркы цивилизациялуу адамзаттын эң бир баалуу, кереметтүү мурасына айланып отурат. Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана изилдөө, биздин элибиздин руханий кайра жаралышына, андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, муундардын жолун улантуучулукту, улуттук жана тарыхый каада-салттарды сактоо – бул биз, баарыбыз умтулуучу негизги милдеттерден", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан