"Арзу" кафесиндеги өрт болжол менен мештерди куруудагы коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан келип чыкканы айтылды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жайгашкан "Арзу" кафеси эмне себептен өрттөнгөнүн бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгуусунун болжолдуу себеби мештерди куруудагы өрт коопсуздугунун бузулушу болгон.

"Бул өрттүн келип чыгуусунун болжолдуу себеби. Комиссия толук жыйынтык чыгара элек. Ошондой эле өрттөн улам келтирилген чыгым эсептелинип бүтө элек", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, өрт 1-сентябрда саат 21:00дөр чамасында чыгып, өрт өчүрүүчүлөр саат 22:47де тилсиз жоону чектөөгө алышкан. "Арзу" кафесинен чыккан өрт таңкы саат 04:30да толугу менен өчүрүлгөн. Болжол менен 2 миң чарчы метр аянты күйүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, газ баллон жарылып өрт чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан